• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ак канга чалдыккан 9 айлык наристеге жардам керек

16 Аяк оона 2020 0:32 Бишкек Govori.TV

Ак канга чалдыккан 9 айлык Айлин бүгүнкү күндө жардамга муктаж.

Маалыматка ылайык, наристе үч айында ооруп баштаган. Ошондон бери Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө жатат. Лимфобластуу ак кан оорусунун курч түрү деген диагноз коюлган.

Операция Түркия жана Европа өлкөлөрүндө гана жасалат. Америкадагы клиникалар 200 миң доллардан миллион долларга чейинки сумманы айтышкан.

«Алар дарылоонун үч жолун айтып жатышат. Мындайча айтканда, донорлордон да көз каранды экен. Анталиядагы клиниканын дарыгерлери ата-эненин анализи туура келсе 75 миң долларга операция жасап, дарылап беребиз дешти. Болбосо Түркиядан донор издөөгө туура келет. Анда дарылоо 85 миң доллар болот экен. Мындан да арга табылбаса Европадан донор карашат, анда жалпы 100 миң доллар болот.Бизге эки ай эле убакыт берген, анын он беш күнү өтүп кетти. Азыр керектүү каражаттын он пайызын эле чогулттук. Машиналарыбызды сатууга койдук. Алар да дароо сатылып кетпейт экен. Батирде турчубуз, үйүбүз деле жок. Бирок колубузда болгон мүлктү сатып жатабыз.
Кызыбызга жардам берүүнү каалагандарга ыраазы болот элек»,-деп билдирген атасы Талант Сатыбалдиев.

Акча которуу жолдору:

Demirbank: 1180000029245407
БИК 118005
Visa картасы: 4215 8901 3513 2709 Indira Sapanova -апасы.
Элсом: 0706090925 Сатыбалдиев Талант атасы.

Количество просмотров: 223