• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

2 жаштагы Нуржигитке жардам керек!

9 Баш оона 202010:54 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 2 жаштагы Нуржигит Мырзахпаровго жардам керек.

Маалыматка ылайык, 2 жаштагы бөбөккө «анемия Даймонда- Блекфена» деген диагноз ушул жылдын март айында коюлган. Бүгүнкү күндө Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланууда.

Баланы дарыласа болорун дарыгерлер айтышкан жана баланын үй-бүлбөсү, туугандары да азыр бардык жактан бул илдетти жеңүү үчүн акча каражатын табууга аракет кылууда. Ата-энесинин баласын чоңойтуп, окутуп-чокутуп, коомго пайдалуу уул кылып тарбиялайбыз деген жакшы тилеги бар.

Операция Түркия, Индия жана Европа өлкөлөрүндө гана жасалат. Операциянын Түркиядагы орточо баасы 110-120 миң доллар турат.Дары-дармектери бир топ кымбат болгондуктан, азыр үй-бүлөгө акча каражаты жагынан жардам керек болууда.

Акча которуу жолдору:

Элсом: 0708504898  Маматали кызы Угулайдын атына катталномери
ICB: 4890 4947 0831 4836  сом, рубль, Маматали кызы Угулайдын атына ачылган карта.
Апасы Маматали кызы Угулайдын байланыш номери: 0708504898

Количество просмотров: 262