• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

10 адам коронавирус жуктуруп, бир бейтап каза болду

7 Жалган куран 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 7-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 9;

Чүй облусунда – 1.

Акыркы суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 153 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 641 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 685 киши айыгып чыкса, 2 миң 966 адам каза болду.

Количество просмотров: 28