• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

10 айда милициянын көчмө кабылдамасы 6,3 миң арыз кабыл алды

17 Жетинин айы 2023 11:47 Бишкек Govori.TV

Милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу 10 ай ичинде 6 миң 319 арыз кабыл алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элге сервистик кызмат көрсөтүүнү толугу менен жолго коюп келе жатабыз. Милициянын 59 көчмө кабылдамалары аймактардыкыдырып, элге жолугуп, жарандардын арыз-билдирүүлөрүн жеринде карап, юридикалык кеңештерди берүүнү улантып жатат.

Көчмө кабылдамалар аркылуу элди тейлөөнү жакшыртуу боюнча келечекте дагы кошумча унааларды алып, ишке киргизүүнү пландап жатабыз.

Жыл ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 4 миң 777 жолу элге чыгып, анын жүрүшүндө 9 миң 518 адам кайрылып, 6 миң 319 арыздар кабыл алынды. Анын ичинен коопсуздук маселеси боюнча 569, өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдарына 832 социалдык багыттардагы маселелерди чечүүгө жиберилди андан сырткары 4918 жолу жарандарга юридикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Коомчулук арасында резонанс жараткан кылмыштарды болтурбоо, жол кырсыктарына жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча 40 миңден ашуун профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, соттуулугу жок же бар экендиги тууралуу жана ички иштер органдарына тиешелүү башка маселелер боюнча маалым каттарды жана башка документтерди берүү үчүн азыркы учурда борбордо жана региондордо “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 42 борбору жана пункттары иштеп жатат.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы Portal.tunduk.kg аркылуу электрондук форматта берилип келүүдө. Тогуз айда 288 миң 47 маалым кат,12 миң 184 апостилдештирилген маалым кат берилди.

Министрлер кабинетинин “Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-январынан бери ИИМдин Баткен облусундагы “Бирдиктүү терезе” режиминде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору жана пункттары тарабынан жарандарга 15 миң 292 маалымкаттар жана башка документтер акысыз бекер берилди.

Количество просмотров: 93