• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

10 миллион сом доо. ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы сотто каралды

21 Кулжа 2023 15:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча отурум болду.

ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов судьядан “ПолитКлиника” порталынын “ЭлТР телеканалынын кезектеги калпысы жана манипуляциясын айтып берем», «орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 22 млн доллар насыя алынган», «2020-жылдын октябрь айынан тартып, өлкөнүн энергетика тармагына сырттан насыялар алынган» деген маалыматтарын чындыкка дал келбейт деп табууну, жана материалды Интернеттен алып салууну милдеттендирүүнү суранды. Андан тышкары маалыматты төгүнгө чыгарып, моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, материалдын автору журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

«Институт медиа полиси» уюмунун юристи Нурбек Сыдыков доо менен толук таанышуу үчүн соттон убакыт берүүнү сурады. Жыйынтыгында процесс 6-июль, саат 10:30да уланмай болду.

Буга чейин “ПолитКлиниканын” адвокаттары доогерлер басылманын социалдык баракчаларына чыккан материалдагы кайсы маалыматтар жалган экени тууралуу доо арызга тактоо киргизиши керектигин айтышкан. Ишти карап жаткан судья Жамиля Акылбекова ЭлТР телеканалынын юристин кийинки соттук жараянга кайсы маалыматты төгүндөөнү суранып жатканын так жазып келүүгө милдеттендирген болчу.

Иш боюнча алдын ала угуу 18-апрелде өткөн.

Эске салсак, 4-февралда «ПолитКлиника» ЭлТРдин «Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес» дегени калп» деген тема менен ачык булактарга таянган материал жарыялаган. Анда басылма ЭлТРдин 31-январда чыккан «Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?» аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы «ПолитКлиниканы» сотко берген.

Количество просмотров: 73