• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

10 жыл комада жаткан аял төрөдү

10 Үчтүн айы 2019 15:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

АКШнын Аризона штатынын Финикс шаарынын ооруканасында он жылдан ашык комада жаткан айым бала төрөгөн. Бул тууралуу ВВС кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, штаттык полиция кызматы “зордуктоо” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, баланын атасын аныктоо максатында оорукананын кызматкерлеринин ДНКсын чогултууда.

Бул окуя Hacienda клиникасында болгон. Кырсыктын айынан комага түшүп калган аял 2018-жылдын 29-декабрында бала төрөгөн. Башында ымыркай дем алган эмес, учурда наристенин абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

CBS телеканалына өздүк булактар билдиргендей, оорукананын кызматкерлери бул айымдын кош бойлуу экендигин билишкен эмес. Бул окуя аларды абдан ойлондурган. Белгилүү болгондой, комада жаткан аял өзгөчө көңүл бурууга муктаж болгондуктан, анын бөлмөсүнө клиниканын көп медперсоналы кире алчу.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Джон Майклс кабарлагандай, ооруканада жатып зордук-зомбулукка дуушар болгон кыздын жакындары абдан капаланышкан.

Булак: “Кабар” агенттиги

Количество просмотров: 30