• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

10 жылга кесилет. Бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамдын кесепети

9 Кулжа 2023 18:21 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору нааразычылыктар менен коштолууда. Сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова баштаган 32 депутат демилгелеп алдыга сүрөп жатат.

Ал эми жарандык коом документ кабыл алынса өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөл күчөп, саясатка тиешеси жок көпчүлүк бейөкмөт уюмдар жабыла турганын белгилеп, аталган мыйзамдын кесепеттерин эскертүү менен бийликке коңгуроо кагышууда.

Жакында эле бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлорунун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүүгө чакырган кайрылуу кылышкан. Депутат Сурабалдиева бул маселе туура эле көтөрүлүп жатат деген пикирин айтты.

Түзөтүүлөр кабыл алынса коммерциялык эмес уюмдарды Орусиядагыдай «чет элдик агент» макамы, текшерүүлөр, отчёттор жана кылмыш жоопкерчилиги күтөт. Тактап айтканда «ишмердүүлүгү жарандарга зомбулук кылуу же алардын ден соолугуна зыян келтирүүгө, аларды жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга же укукка каршы аракеттерге үндөөгө байланыштуу болгон» коммерциялык эмес уюмдарга биригүү же түзүү үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Бирок, ошол эле учурда, мындай коммерциялык эмес уюмдардын «активдүү» катышуучуларын, «пропаганда менен алектенгендерди» катаалыраак жазалашмакчы — 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу. Бул арада бир нече депутат Нарматованын мыйзамына авторлош болуудан баш тартып жатышат. Алардын бири Эмил Токтошев буларга токтолду.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракеттери 2015-жылдан бери көрүлүп келет. Ошол учурда чет элдик тынчылар тууралуу мыйзам даярдалып, бирок ал парламентте үчүнчү окуудан өтпөй калган. Андан кийин 2020-жылы депутат Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдарынын финансылык иш-аракеттерин көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштаган. Кийин деле Жогорку Кеңеште бейөукмөт уюмдарынын маселеси депутаттар Надира Нарматова, Шайлообек Атазов тарабынан маал-маалы менен көтөрүлүп,ушул акыбалга келди. Эксперттер аталган мыйзам долбоорун адам укуктарынын жалпы декларациясына каршы келе турганын айтышууда.

Количество просмотров: 197