Чүй облусунун Кемин районунда мыйзамсыз именчиктештирилген Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.
УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Кемин районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген Кыргыз химия-металлургиялык комбинатынын (КХМЗнын 5-цехы) бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.
«2002-жылы аталган завод «Талер-Сан» ЖЧКсы тарабынан башкы директору Э.А. 100 сом суммадагы акча каражатына символикалык түрдө мыйзамсыз менчиктештирген. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан аянты 6066 м2 жана ага чектеш 2 га КХМЗнын 5-цехи өзүлөрүнүн ыктыярдуу түрүндө Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарынын балансына өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.