Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарындагы №1041 шайлоо участкасына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эртең менен саат 08:00дө расмий түрдө старт алды.
Мекемеде санитардык талаптар толук аткарылып жатканын көрүүгө болот. Шайлоочулар участканын ичине бет капчан киргизилип жатат.
Эл аралык байкоочулар шайлоонун жүрүшүнө көз салууда.
Быйыл кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын беш жылга шайлайт. Ага 16 саясий партия ат салышууда.