• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

11 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

13 Жалган куран 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 6;

Чүй облусунда – 4;

Ош облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 1.

Акыркы суткада 30 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 131 бейтап, амбулатордук түрдө 198 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 731 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 850 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.

Количество просмотров: 67