• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

11-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

8 Чын куран 20249:43 Бишкек Govori.TV

11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары; Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе — Манас проспектиси; Дэн Сяопин проспектиси – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү – Казаков көчөсү чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу Запад-2 суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Теги:
Количество просмотров: 97