• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

11 жаштагы баланы сүзүп кеткен милиция кызматкери камакка алынды

29 Үчтүн айы 2019 14:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2019. Govori.TV

Сокулуктагы 11 жаштагы эгиздин түгөйүн сүзүп кеткен укук коргоо кызматкери камакка алынды. Ага карата Кылмыш-Жаза Кодексинин 297-беренесинин (авто транспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облусттук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Тийиштүү экспертизалар алынып, айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулду. Окуя боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле Чүй ОИИБи ички иликтөө ишин баштады»,- деп билдирет басма сөз кызматы.

Бүгүн 29-январда эртең менен Сокулукта катуу ылдамдыкта унаа башкарып бараткан милиция кызматкери жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден 11 жаштагы окуучу баланы сүзүп кетип, өспүрүм ошол жерде жан берген. Окуя таңкы саат 07:10дор чамасында Школьная жана Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде болгон. Сүзүп кеткен айдоочу Чүй ОИИББнин күзөт-кайгуул кызматында ага сержант болуп иштегендиги аныкталган.  Ал эми каза тапкан 11 жаштагы бала Сокулуктагы №1 мектептин окуучусу жана эгиздин түгөйү болгон.

Количество просмотров: 52