• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

11 жаштагы Элес Австриянын эки жолку чемпиону болду (видео)

19 Бештин айы 202215:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык 11 жаштагы Элес Намазалиева дагы бир жолу өспүрүмдөр арасында көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду.

Элестин атасы Капар Намазалиевдин айтымында, чемпионат 15-16-декабрда Санкт-Пёльтен шаарында өткөн. Мелдештин биринчи күнү кыска программа, экинчи күнү эркин программа болду.

«Элестин тайпасында сегиз адам бар эле, алардын баары улуттук курама команданын спортчулары. Учурда Австриянын эки жолку чемпиону», — дейт Капар Намазалиев.

Количество просмотров: 327