• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

11 жаштагы кызды сүзүп кеткен маршрутканын айдоочусу кармалды

18 Бирдин айы 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бараткан 11 жаштагы кызды маршрутканын айдоочусу сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-февралында болжол менен саат 17:00 чамасында 138-маршурттук унаанын 1993-жылы туулган Р.М. аттуу айдоочусу Ден Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2011-жылы туулган К.А. аттуу кызды сүзүп алган.

Натыйжада жөө жүргүнчүнү №3 шаардык ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына жеткирилген. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 2753