• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

11 журналисттин баш коргоо чарасы каралат

12 Жалган куран 2024 15:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11 журналисттин баш коргоо чарасы каралат.

Азыркы тапта “ПолитКлиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков, журналист Жоодар Бузумов, иликтөөчү журналист Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Махабат Тажыбек кызы, Сайпидин Султаналиевдер сотко жеткирилди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январвнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 109