14-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Алардын иши боюнча биринчи жараян 7-июнда өтүп, баштапкы соттук угуу болгон. Эми иштин өзүн кароо башталды. Судья ушул эле күнү Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, акын Азамат Ишенбековдун, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровдун жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн 8-августка чейин узарткан.
16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.