• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

11 журналисттин иши: Соттук отурумга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок

3 Тогуздун айы 202410:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо уланды. Бирок сот залына ЖМК өкүлдөрү кирген жок, муну отурум өтө турган залдын кичинекейлиги менен түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, бүгүн “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин сотунда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөй турганы жана өкүм чыгары кабарланган.

Прокурор башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, актоону өтүнүшкөн.

Количество просмотров: 85