• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Тиш доктурда чарчап калган кыздын иши. Соттук отурумда чыр чыкты

25 Чын куран 2024 12:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө тишин дарылатуу учурунда чарчап калган үч жаштагы кыздын өлүмү боюнча 24-апрелде башталган баштапкы соттук угуу маалында чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу 25-апрелде аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан.

«Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, жабыркаган айыпкерлер жана башка тараптар тиешелүү органга кайрылышты. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бул чагымчыл жагдайды сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга басым жасоо катары баалайт жана мындай жагдайларга жол берилбестигин эскертет»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси иш козголуп, анестезиолог камакка алынган.

Количество просмотров: 1311