• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Аскат Жетигендин соту жылды

3 Тогуздун айы 202416:03 Бишкек Govori.TV

3-октябрда акын жана активист Аскат Жетигендин апелляциялык арызын кароо боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурум судья семинарга кеткендиктен 17-октябрга жылдырылды.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган.

Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.

Количество просмотров: 124