• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кемпир-Абад иши боюнча сот жылдырылды

23 Баш оона 202416:09 Бишкек Govori.TV

23-августта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши кайра жанданды. Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменовдун жактоочулары келбей калып, сот отуруму 30-августка жылдырылды.

23-августта Бишкек шаардык сотунда А.Бекназаров менен И.Шаменов келбей калып, сот отуруму жылдырылган. Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган. Прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү сураган.

14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Количество просмотров: 116