12-13-ноябрь күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
13-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.Абанын температурасы төмөндөйт.