• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Караколдо мыйзамсыз курулган объект буздурулду

27 Теке 202610:04 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган объект буздурулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө, Каракол шаарында айыл чарба багытындагы 450 чарчы метр жер тилкесине укук ырастоочу жана тиешелүү уруксат берүүчү иш-кагаздарсыз, ошондой эле жердин максаттуу багытын бузуу менен турак үй куруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган.

Прокуратура тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамсыз курулуш алынып салынып, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 7