• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

12 медкызматкерден вирус табылды

11 Бештин айы 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

  • Бишкек ш. – 2
  • Жалал-Абад облусунда – 1
  • Баткен облусунда – 3
  • Ысык-Көл облусунда – 4
  • Нарын облусунда – 1
  • Талас облусунда – 1

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4019 учур катталды, алардын ичинен 3730 медкызматкер сакайды.

Количество просмотров: 32