• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

12-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

11 Жетинин айы 2020 15:38 Бишкек Govori.TV

12-ноябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 8…10 градус болот.

Количество просмотров: 103