• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

12 партия биригип, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда

5 Тогуздун айы 2020 18:44 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду.

Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керектиги айтылып жатат. Акциянын катышуучулар мөөнөтсүз митинг жарыялашып, кайрадан шайлоо өткөрүү керектигин айтышууда.

Митингде элге сөз сүйлөгөн Мирлан Жээнчороев 12 саясий партия чогулуп, БШК болуп өткөн шайлоону жокко чыгарсын деген талапка кол коюшканын кабарлады. Анын айтымында 12 партиянын катарына «Мекенчил» жана «Бүтүн Кыргызстан» да кошулган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын  баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.

Количество просмотров: 282