• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

12 жаштагы Адилдин Орусияда кармалган атасы бошотулганы айтылды

8 Теке 2021 11:32 Бишкек Govori.TV

Орусияда кармалып жаткан Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов бошотулду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Буга чейин Эсен Мажитовдун уулу 12 жаштагы Адил президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасап, чек арада жашоо коркунучтуу болуп калганын айтып, президенттен маселени чечүүнү суранган. Көп узабай, алып баруучу Ассоль Молдокматова Адилди президент Садыр Жапаров менен жолугуштурган. Жапаров Орусияда кармалган баланын атасы Эсен Мажитовдун маселесин чечүүнү убадалаган.

Белгилей кетсек, Эсен Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну. 2020-жылы май айында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр учурунда үйү өрттөлгөн. 2021-жылдын 18-апрелинде Орусияда орус укук коргоо кызматтары тарабынан кармалган. Тажикстан Мажитовго «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козголгону кабарланган.

Количество просмотров: 1196