• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

12 жаштагы баланы атасы мыкаачылык менен сабап келген (сүрөт)

19 Жалган куран 2023 1:30 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Беловодск айылында 12 жаштагы баланы атасы мыкаачылык менен сабаган.

Экспертиза учурунда тартылган сүрөттөргө караганда, атасы баласын катуу сабап келген, аны баланын денесиндеги тактардан айтса болот.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн бул иш алардын көзөмөлүндө экенин кабарлашты. Баланын ур-токмокко алынганы мугалимдин аркасынан белгилүү болгон. Ал окуучунун көгөргөн жерлерин көрүп, жүрүм-турумунун өзгөргөнүн байкаган. Андан кийин ал дарыгерлерге кабарлап, алар өз кезегинде милицияга кайрылышкан.

Учурда бала жакынына өткөрүлүп берилди. Баланын атасы бир айга камакка алынган.

Белгилесек, Чүй ОИИББден 12 жаштагы окуучунун сабалышы боюнча атасы кармалганын, ага карата «Кыйноо» беренеси менен иш козголгонун маалымдашкан.

Количество просмотров: 525