• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

12 жаштагы Кыргызстандык математик Орусиялыктардын оозун ачырды (видео)

21 Тогуздун айы 2019 14:23 Бишкек Govori.TV

12 жаштагы Кыргызстандык Арсен Рахымбеков Орусиянын “Россия-1” телеканалында өткөн “Удивительные люди” (Таң калычтуу адамдар) программасына катышты.

Көрсөтүүдө ал төрт студент жана математиктерден өзгөчөлөнүп, көп оорунду сандарды бир нече көз ирмемде кошуп, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

“Адатта мени “калькулятор бала” деп айтышат. Ачыгын айтсам сиздердин көрсөтүү мени шыктандырды. Мен аябай тез окуган баланы көрүп, эмнеге мен муну үйрөсөм болбойт деп ойлонуп калдым. Менталдык арифметиканы иним экөөбүз окуп баштаганбыз. Иним болбосо мындай ийгиликке жетмек эмесмин”, – деп айткан ал.

Арсен Рахымбеков арифметика боюнча билим алат. Өткөн жылы ал  менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышып, Орто Азиядан жалгыз өкүл болгон. Ушул жылдын башында Казакстанда өткөн сынакта байгелүү орун алган.

Количество просмотров: 2426