Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
АКШда 12 жаштагы өспүрүм эгизин атып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалым болгондой, окуя 24-июнда АКШнын Сан-Бернардино шаарында катталган. Үйдө жалгыз калган эгиздер ата-энесинин бөлмөсүндө жайгашкан ок атуучу куралды алып чыгып ойноп жаткан учурда кокустан бирөөсү түгөйүн атып алган. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калган.
Катталган окуянын алкагында «балдарды коркунучка калтырган» деп полиция кызматкерлери тарабынан 45 жаштагы эгиздердин апасы кармалган.