• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

13-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

12 Жетинин айы 2020 14:35 Бишкек Govori.TV

13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.

Количество просмотров: 44