• Жума 30 Тогуздун айы 2020

13-октябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

12 октября 2020 в 17:15 Бишкек Govori.TV

13-октябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 13…18;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Ысык-Көл ​жана Нарын облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 16…18 градус болот.

Количество просмотров: 90