Бишкек шаарында Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу унаалардын кыймылына убактылуу жарым-жартылай чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери аяктады. Бул тилкеде диаметри 426 мм болгон түтүк жаңыртылды.
Иштин кийинки этабынын алкагында 26-июлда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук түтүктөрүнүн эски жабууларын демонтаждоо жана жаңыларын орнотуу, жылуулук камерасын тазалоо, ошондой эле жылуулук изоляциясы боюнча иштер жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу аталган тилкеде унаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелет.