• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Ошто Масалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

27 Теке 202610:46 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы А. Масалиев көчөсүнүн Ж. Шамшиев көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол оңдоо иштери аяктаганга чейин аталган тилкеде убактылуу кыймыл чектелет.

Буга байланыштуу шаар тургундарынан жана айдоочулардан жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, коопсуздук эрежелерин сактоо жана мүмкүн болушунча альтернативдүү каттамдарды пайдалануу сунушталды.