Эки күндүк рейд маалында Соң-Көлдөн жалпы узундугу 6 250 метрди түзгөн мыйзамсыз салынган эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып чыкты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддик иш-чаралар Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен “Кара-Тал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Белгиленгендей, көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, суу биологиялык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.