• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталгандардын жазасы күчөтүлдү

30 Жалган куран 2021 17:51 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталгандардын жазасы күчөтүлдү. Бул тууралуу Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, К.у.Ж. жана С.у.Э. Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү («Зордуктоо») менен күнөөлүү деп табылды. Алардын ар бири 15 жылга эркинен ажыратылып, жабырлануучуга 100 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Үчүнчү айыпталуучу К.У. Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-2-пункту жана ушул эле берененин 3-бөлүгүнүн негизинде 20 жылга соттолду. Соттун өкүмүнө ылайык, ал дагы жабырлануучуга 100 миң сом моралдык зыян төлөп бериши керек.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Тоң райондук соту 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актаган. Бир гана айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Бул окуяны ата-энеси кыз кош бойлуу болгондо билишкен.

Количество просмотров: 112