• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 2 адам кармалды

22 Жалган куран 202414:13 Бишкек Govori.TV

Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки адам кармалды.

Маалыматка ылайык, жабыркаган кыз көрсөтмөсүндө 10 шектүүнүн ысымын атап, анын экөө 48 саатка камалган.

Алардын баары Сокулук айылынын 19-22 жаштагы жашоочулары экени белгилүү болду.

20-мартта кыздын ата-энеси Акыйкатчынын жеке кабылдамасында болуп, кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Алар укук коргоо органдары күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн чара көрбөй жатышканын айтып арызданышкан.

Количество просмотров: 212