• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендердин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды

13 Теке 2022 18:02 Бишкек Govori.TV

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир кишинин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды. Бул тууралуу жактоочу Тимур Султанов билдирди.

«Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн, 13-июлда айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрына чейин узартты. Ал эми кийинки соттук отурум 18-июль, саат 16:00гө белгиленди»,-деди жактоочу.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча соттук отурум өтмөк, бирок айрым айыпталуучулардын жактоочулары келбегендигине байланыштуу отурум кийинкиге калган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир нече күн мурун ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дээрлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон.

Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда. 

Количество просмотров: 272