• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуяны Акыйкатчы көзөмөлгө алды

16 Бештин айы 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуяны Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов көзөмөлгө алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамытов институттун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө иш боюнча соттук отурумдарга тыкыр мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

«Кыздын ата-энеси Тоң райондук сотунун өкүмүнө макул эмеспиз деп, буга чейин Ысык-Көл облустук сотуна даттануу арызын беришкен. Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча комиссары бул кылмыш ишин жана сот отурумдарын көзөмөлгө алат. Учурда кыз Ысык-Ата районундагы реабилитациялык борбордо. Тоң РИИБинин башчысы кол койгон боюнча бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки процесстер жүргүзүлгөн. Акыйкатчы аппараты бул кылмыш беренеси менен катталгандыгына макул эмес. Бул нерсе башынан эле «зордуктоо» боюнча катталышы керек болчу. Ал эми учурда 7 жыл 6 айга соттолгон 41 жаштагы К.У. катуу жазага тартылышы керек болчу», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Тоң райондук соту буга чейин 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткан эки адамды актаган. Үчүнчү айыпталуучуга коюлган «Зордуктоо» беренеси «Он алты жашка чейинки адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» деген берене менен алмаштырылган. Ал 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 158