• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот отуруму жылдырылды

5 Теке 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук сотунда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын ишин кароо башка күнгө жылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттук иш бүгүн, 5-июлга белгиленген. Бирок, иште төрагалык кылган судьянын Кыргыз Республикасынын акыйкаттуулук боюнча кеңешинин отурумуна катышкандыктан, соттук отурум 8-июлга жылдырылды.

Маалыматка ылайык, иш ушул жылдын 20-майында сотко түшкөн. 30-майда алдын ала угуу башталып, шектүүлөр Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырылган.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында милицияга секелек кыздын апасы кайрылып, арыз жазган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалган. Бирок андан көп өтпөй, бул ишке милиция кызматкерлеринин да тиешеси бар экени маалым болгон. Тактап айтканда, 3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан Свердлов РИИБдин участкалык кызматкери кармалган. Андан тышкары, 41 жаштагы кароолчу болуп иштеген жарандын жана 39 жаштагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген жарандын кармалганы маалым болду.

Количество просмотров: 415