• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

13 жаштагы Айназик бир жумадан бери изделүүдө

19 Теке 201810:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.07.2018. Govori.TV
Бишкекте 13 жаштагы Айназик Эмил кызы бир жумадан бери изделип жатат. Бул туурасында  Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов  билдирди.
Айназик айдын 12-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес..
Өспүрүмдүн өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, арык, чачы, көзү кара. Сол жак капталында операциядан калган тырыгы бар. Үстүнө күрөң түстөгү футболка кийин жүргөн.
Айназикти көргөн-билгендер болсо, Свердлов райондук милициясы төмөндөгү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
0 (312) 43-32-75, 0 (772) 05-20-00, 0 (556) 85-58-12, 0 (702) 22-85-05

Количество просмотров: 18