• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

14 адам ооруну кайдан жугузганы белгисиз

12 Кулжа 202010:26 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутканын ичинде эле Кыргызстанда дагы 37 адам коронавирус менен каттоого алынды. Эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат.

Жаңы катталган бейтаптардын ичинен үчөө чет өлкөдөн келгендер. 20 бейтап коронавирус оорусу жуккан адамдар менен байланышта болгон. Ал эми 14 адамга оору кайдан жуккан белгисиз.

Министрдин орун басары, бейтаптардын саны азайбай жатканын жана айрымдарынын булагы белгисиз экенин айтып, бардык эрежелерди сактоого чакырды.

Количество просмотров: 57