• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

14 айылдык кеңештеги талапкерлер тууралуу БШК маалыматы

3 Чын куран 2023 14:37 Бишкек Govori.TV

БШК 2023-жылдын 29-мартына карата айылдык кеңештердин депутаттыгына 470 талапкер, анын ичинде 164 аял талапкер катталгандыгын маалымдайт.

14 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында 97 мандат аялдар үчүн резервде калтырылган.

Ар бир талапкер тууралуу кеңири маалыматты «Талапкер» https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/kenesh_aiyl маалымат ресурсунан алса болот.

Бул ресурстан шайлоочу талапкерлер тууралуу, ар бир талапкердин шайлоо алдындагы программасы жана шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылы тууралуу биле алат.

Ошондой эле, шайлоочулар шайлоо участокторунда илинген плакаттардан талапкерлер тууралуу маалымат алса болот.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер тууралуу шайлоочуларга маалымдоо максатында БШК төмөнкү райондук жана облустук газеталарга маалыматтарды жарыялады:

  1. Кара-Кулжа районунун «Мезгил Үнү» газетасы – 24.03.2023-ж. №11 (8025)
  2. Ноокат районунун «Ноокат Таңы» газетасы – 23.03.2023-ж. №14-15-16 (9412)
  3. Алай районунун «Алай Таңы» газетасы – 18.03.2023г. №8 (8289)
  4. Ош облусунун «Ош Жаңырыгы» газетасы – 18.03.2023-ж. №10 (16877)
  5. Баткен облусунун «Баткен Таңы» газетасы – 20.03.2023-ж. №11 (143)
  6. Нарын облусунун «Тенир-Тоо» газетасы – 23.03.2023-ж. №41-43 (143527-143529)
  7. «Чүй Баяны» — Аламүдүн районунун газетасы – 24.03.2023-ж. №10 (1161)
  8. Талас облусунун «Талас байрагы» газетасы — 27.03.2023-.. №12 (8112)

2023-жылдын 9-апрелинде 14 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 34