14-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10,
Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…8° болот.
Бишкек шаарында түндө кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 7…9° болот.