• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

14 күндүк обочолонуудан кийин бүгүн Текебаев сотко катышат

10 Баш оона 20209:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланат.

Жактоочу Таалайкүл Токтакунованын айтымында, соттук отурумга Өмүрбек Текебаев катышат.

“10-августта Текебаевдин оорудан кийинки 14 күндүк обочолонуусу аяктайт. Ошого байланыштуу ал сотко катыша алат”, — деп билдирди жактоочу.

Белгилей кетсек, “Ата Мекен” партиясынын лидери пневмониядан дарыланып эки жума ооруканага жатып чыгып, дагы эки жума үй режиминде дарыланып жаткан. Буга байланыштуу 5-августка белгиленген сот отуруму жылган. Буга чейин жактоочу Башкы прокуратуранын өкүлү Текебаевди  мажбурлап алып келүүнү соттон суранганын айтып, прокуратуранын жүйөсүнө каршы чыккан болчу.

Количество просмотров: 129