Эртең, 14-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу жаан жаашы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -3…-8
күндүз 0…-5
Талас облусунда
түнкүсүн -3…-8
күндүз 0…-5
Баткен облусунда
түнкүсүн -2…-7
күндүз -2…+3
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -1…+6
күндүз -2…+3
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -4…-9
күндүз 0…-5
Нарын облусунда
түнкүсүн -11…-16
күндүз -6…-11
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7 градус, күндүз 0…-2 градус болот.