• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өз агасы колго түштү

1 Тогуздун айы 202421:18 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 14 жаштагы кыз көз жарганы белгилүү болду. Көз жарган кыз Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу болгон. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Милицияга бул кабар жеткенден кийин алар тиешелүү иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 2010-жылы туулган кызды 2009-жылы туулган өз агасы зордуктоого шектүү катары аныкталган. Милиция бул боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыздын агасын кармашканда ал бул кылмышты мойнуна алган. Соттун чечими менен ал эки айга абакка жабылган.

Количество просмотров: 752