• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

14 жаштагы кызга асылган мугалим жана анын досторуна сот өкүмү чыкты

15 Жетинин айы 20219:09 Бишкек Govori.TV

Ташкентте 14 жаштагы кызга сексуалдык жактан асылган мугалим жана анын досторуна сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Nemolchi.uz долбоорунун жетекчиси Ирина Матвиенко билдирди.

Окуя быйыл жазында Ташкенттин Мирабад районунда болгон. Мугалим менен анын достору кызга “бөтөлкө” оюнун ойноону сунушташкан. Өспүрүм оюнда жеңилип калгандан кийин эркектер аны менен жыныстык катнашка барууну талап кылышкан.

Ирина Матвиенко билдиргендей, сот отурмунун жыйынтыгында мугалим 4 жылга, анын достору 2 жылга эркинен ажыратылды.

Количество просмотров: 2433