Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 70 адам;
— Ысык-Көл облусунда 35 адам;
— Чүй облусунда 18 адам;
— Баткен облусунда 10 адам;
— Нарын облусунда 6 адам;
— Жалал-Абад облусунда 1 адам;
— Талас облусунда 1 адам;
— Ош шаарында 1 адам.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 290 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 36 бейтап, амбулатордук түрдө 795 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 876 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 67 киши айыгып чыкса, 2 миң 532 адам каза болду.