Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.
Кыргызгидромет борбору 15-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
Ага ылайык, эртең, 9-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
10-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
11-июлда болсо түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
11-июлда күндүз, 12-13-июль күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
13-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-июлдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми 14-15-июль күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.