• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

15 миң доллар талап кылган финполдун кызматкери кармалды

17 Жалган куран 201812:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.03.2018.Govori.TV.

Бишкекте пара алууга шектелген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын (мурдагы Финансы полициясы) кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул кызматкер уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен сүйлөшүп, кытайлык ишкерден 15 миң доллар талап кылып, 5 миң долларын алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Ага карата Кылмыш кодексинин «Опузалоо» жана «Кызмат абалынан пайдаланып пара талап кылуу» беренелери боюнча иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Количество просмотров: 81